🌡️ Европада экстремалдык ысык аба ырайы орноп, бир катар өлкөлөрдө температура 40 градус Цельсийден ашып кетти.
🇨🇭 Швейцарияда Аргау кантонундагы “Безнау” атомдук станциясы жарым-жартылай токтотулду. Аар дарыясындагы суунун ысыктыгынан улам бир реактор толугу менен өчүрүлүп, экинчиси жарым кубаттуулукта иштеп жатат. Axpo компаниясы ысытылган сууну дарыяга агызуу флора жана фаунага зыян келтириши мүмкүн экенин билдирди.
🇮🇹 Италияда 17 ири шаарда ысыктан улам кооптуу абал жаралып, кеминде беш адам каза тапты. Жашыл зонадардын көбөйүшү маанилүү чара катары каралууда, бирок климатологдор бул жетишсиз экенин айтышат. Жашыл аянттар жок аймактарда жасалма көлөкө колдонуу сунушталууда.
🇦🇹 Австрияда температура 38 градуска жетти. Зальцбургда асфальт жана көлөкөнүн жоктугунан көчөлөр ысып кетүүдө. Туристтер көлөкөлүү аймактарда жана фонтандарда эс алышууда. Өрт коопсуздугу чаралары күчөтүлүп, айыл чарба техникасы текшерилип, чөптүн жана самандын нымдуулугу көзөмөлдөнүүдө.
📈 Copernicus кызматынын отчетуна ылайык, 1980-жылдардан бери Европада температура орто эсеп менен планетадагыдан эки эсе тез өсүүдө. Францияда ысыктан улам эки адам каза болду.
🏙️ Жаңы температура рекорддору кадимки жашоо ыргагын өзгөртүп, шаар куруу, экология жана энергетикалык коопсуздук боюнча жаңы ыкмаларды талап кылууда.






