🩺 Кыргызстанда Европалык иммунизация жумалыгынын алкагында 41 024 адам вакцинацияланды.
👶 Вакцинацияланган адамдардын 19%ы бир жашка чейинки балдар.
🌍 Кампаниянын максаты – вакцинациянын маанилүүлүгүн элге жеткирүү жана өлкөнүн ар бир тургуну, анын ичинде алыскы аймактар үчүн вакциналарга кеңири жеткиликти камсыз кылуу.
💉 Вакцинация төмөнкү ооруларга каршы жүргүзүлдү: вирус гепатити B, туберкулёз (БЦЖ), полиомиелит, дифтерия, столбняк, гемофиль жана пневмококк инфекциялары, ротавирус, кызамык, кызылча, паротит, адамдын папиллома вирусу.
🚐 Вакцинациялоо үчүн 76 мобилдик бригада иштеп, алар тоолуу жана айыл жергелеринде да кызмат көрсөтүштү.
🎉 Жети облустук борбордо жана Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» жана «Бишкек Парк» сыяктуу жерлерде спорттук жана массалык иш-чаралар өткөрүлүп, 800дөн ашуун адам чогулду.
🗣️ Медиктер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана лидерлердин катышуусунда 20дан ашуун тегерек столдор уюштурулду.