🇰🇬 Кыргызстандын оорулуу жарандарын француз дарыгерлери көзөмөлгө алат.
🏥 Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана делегация Францияда болгон иш сапарынын алкагында, Париждеги бир нече медициналык мекемелерди кыдырышты.
🧠 Делегация нейрохирургия, неврология жана офтальмология боюнча адистешкен Адольф де Ротшильд фондуна караштуу оорукананы зыярат кылып, жедел неврологиялык жардам көрсөтүү системасы менен таанышышты.
🔄 Оорулууларды инсульттан кийин реабилитациялоо жана калыбына келтирүү боюнча маалымат алышып, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумун түзүү боюнча макулдашууга жетишишти.
📞 Эки тараптын дарыгерлери ортосунда тажрыйба алмашуу өткөрүү боюнча да макулдашуу болду, бул болсо Кыргызстандын дарыгерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
❤️ Жорж Помпиду атындагы Европалык оорукананы зыярат кылып, кардиология жана травматология боюнча жедел медициналык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
📅 Иш сапар Кыргызстан менен Франциянын медициналык мекемелери ортосундагы кесиптик жана технологиялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган биринчи кыргыз-француз инвестиция жана кызматташтык форумунун алкагында болду.










