🏢 Бишкекте авария болгон турак үйдүн абалы текшерилди.
🔍 Бишкектин Фучика көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу турак үйдүн техникалык абалына байланыштуу инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
👷♂️ Министр Нурдан Орунтаевдын тапшырмасы менен, Сейсмостойко курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов баштаган адистер объектти тез арада текшеришти.
⚠️ Алдын ала жыйынтыктар боюнча, көп жылдык туура эмес пайдалануу жана инженердик тармактардын убагында капиталдык оңдолбой калганы дубалдардын зыяндалуусуна жана темир-бетон конструкцияларынын коррозиясына алып келген.
🏚️ Учурда үйдүн техникалык абалы кооптуу деп бааланууда.
📄 Толук инженердик текшерүү аяктагандан кийин акыркы жыйынтык берилет.
📬 Турак үйдүн жашоочуларына жана шаардык мэрияга имараттын учурдагы абалы тууралуу расмий билдирүү жөнөтүлдү.





