[adrotate_integration id=”2″]🇰🇬 Кыргызстандын Германиядагы элчиси Омурбек Текебаев Гамбург шаарындагы ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
🔧 Германиядан Кыргызстанга жабдууларды жеткирүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
🌾 Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Германиянын рыногуна чыгаруу жана эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
📊 Euler Hermes компаниясы менен экспорттук келишимдер боюнча кепилдиктерди камсыздоо жана кыргыз импортёрлору үчүн тобокелчиликтерди азайтуу механизмдери каралды.
🔬 Intertek компаниясы менен айыл чарба жана азык-түлүк продукциясын Европалык Союздун талаптарына ылайык сертификаттоо үчүн Кыргызстанда заманбап лаборатория куруу маселеси талкууланды.
👥 LUNO-Gruppe компаниясы менен кадрларды даярдоо, стажировкалар жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
🤝 Гамбургдун Соода-өнөр жай палатасынын башкы директору менен жолугушууда кыргыз ишканаларынын көргөзмөлөргө жана бизнес-форумдарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.





