
[adrotate_integration id=”2″]🇵🇸 Газа секторунда блокаданын кесепетинен акыркы сутка ичинде ачарчылыктан кеминде тогуз адам каза болду. Жалпысынан 122 адам, анын ичинде 83 бала, тамак-аштын жетишсиздигинен улам көз жумду.
⚠️ Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги 20-июлда эскертүү жасап, азык-түлүк тартыштыгынан жана медициналык жардамдын жетишсиздигинен улам өлүмдүн көбөйүшү күтүлүп жатканын билдирди.
🚀 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа секторунан жасалган ракеталык чабуулга кабылган. ХАМАС согушкерлери чек ара аймактарына кирип, аскерлерге жана жай тургундарга ок чыгарып, 200дөн ашуун кишини барымтага алышкан.
🛡️ Израиль армиясы “Темир кылычтар” операциясын баштап, Газа секторуна толук блокада жарыялады. Суу, электр энергиясы, күйүүчү май, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү токтотулган.
🔄 Куралдуу кагылышуулар Ливан жана Йеменге да жайылып, Израиль менен Ирандын ортосунда ракеталык алмашууга алып келди. Кагылышуулардан 59 миңден ашуун палестиналык жана 1,5 миңдей израильдик каза тапты.
🕊️ Дохада 6-июлда Израиль менен ХАМАСтын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр кайра жанданды. Биринчи этаптар натыйжасыз аяктаганы менен, Египет, Катар жана АКШ 60 күндүк ок атышпоо келишимин түзүү аракетинде.






