🛠 Геленджик шаарындагы курулуш аянтында жер көчкү болуп, кыргызстандыктар жабыркады.
🚑 2025-жылдын 3-майында Геленджик шаарындагы курулуш иштеринде жер көчкү болуп, анын кесепетинен үч кыргызстандык жумушчу жер алдында калды.
🏥 Кыргызстандын жараны С.К.О. жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
🔍 Россиянын тиешелүү кызматтары кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерин улантууда.
⚖ Геленджиктеги тергөө бөлүмү курулуш иштериндеги коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
📞 Кыргызстандын элчилиги Россиянын компетенттүү органдары менен байланыш түзүп, бул маселени көзөмөлгө алды.