🔬 Жакын арада “GEN – кыргыз санжырасы” санарип платформасына генетикалык аныктоо мүмкүнчүлүгү кошулат.
🧬 Колдонуучулар генетикалык анализ тапшырып, этникалык курамы жана ооруларга болгон ыктымалдуулугу тууралуу маалымат ала алышат.
👩👧👦 Платформада аялдардын да тукум куучулук тарыхы эске алынып, нике жана тукум тууралуу маалыматтар кошулат.
🌳 Ар бир адам өз үй-бүлөсүнүн тарыхын улантып, система аркылуу маалымат кошо алат.
🤝 Долбоор коммерциялык максатты көздөбөйт жана кыргыздардын генетикалык оорулардын алдын алуу боюнча салттарын сактоого багытталган.






