🇰🇬 Кыргызстандын Башкы прокурору Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттеринин жыйынында кыргызстандыктардын Мьянмадагы эмгек кулчулугуна кабылышы боюнча пикир билдирди.
🛬 11 кыргызстандык Мьянмада кулчулукка түшкөн, алардын ичинен 7 адам Кыргызстанга кайтып келишти, ал эми төртөө Бангкокто учактарын күтүп жатышат.
📄 Башкы прокурор бул иш боюнча азырынча арыз түшпөгөнүн, бирок прокурорлорго тиешелүү тапшырма берилип, бул иш тергелерин айтты.
🔍 Мьянмадагы эмгек кулчулугуна кабылган кыргызстандыктар боюнча тергөө иштери башталат.