

[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Бишкекте “Санхаус плюс” турак жай комплексин куруудагы одоно мыйзам бузуулар үчүн “Делмар Групп” курулуш компаниясынын жетекчилери кармалды.
📹 24-сентябрда социалдык тармактарда комплекстин жашоочуларынын куруучунун милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы тууралуу видеокайрылуусу пайда болду.
🚧 ГКНБнын текшерүүсү долбоордун бекитилген планынан четтөөлөр болгонун аныктады. Жер төлөдөгү унаа токтотуучу жай коммерциялык жайларга айландырылып, бул келишим шарттарын бузуп, үлүштүк катышуучулардын укуктарын бузган.
🚔 Компаниянын жетекчилери объектти пайдаланууга берүү мүмкүн эместигин билип туруп, аны амнистияга киргизүүгө аракет кылышкан.
👮♂️ Курулуш компаниясынын директору жана техникалык көзөмөлдү жүргүзгөн долбоордук уюмдун жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
🔍 ГКНБ КР окшош мыйзам бузуулар боюнча текшерүүнү улантууда жана жарандардын укуктарын бузууга жол берилбестигин эскертет.






