📋 Мамлекеттик коопсуздук комитети атайын жана ведомстволук форманы кийүүнүн тартибин жөнгө салуу боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
🔍 Бул долбоор атайын жана ведомстволук форманы кийүү эрежелерин тактоо, кызматтык айырмалоо белгилерин колдонуу маселелерин жөнгө салуу жана формалуу кийим кийүү каралган мамлекеттик органдардын тизмесин актуалдаштырууга багытталган.
🚫 Долбоордо атайын форма кийүү укугуна ээ болгон органдардын тизмесинен мыйзам боюнча атайын наамдар каралбаган түзүмдөрдү, атап айтканда, Юстиция министрлиги жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментин чыгаруу сунушталууда.
⭐ Ведомстволук формада погондорду жана беш бурчтуу жылдыз түрүндөгү белгилерди колдонууга тыюу салуу каралган.
🛡️ Погондор жана жылдыздар улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу милдетин аткарган аскердик жана укук коргоо органдарынын гана укугу болушу керектиги белгиленет. Граждандык ведомстволордо мындай белгилерди колдонуу, тескерисинче, аскердик жана жарандык кызматтын ортосундагы чекти бүдөмүктөтөт.





