📢 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн айрым бөлүмдөрүнө укук коргоо органы статусун берүү боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоорун артка кайтаруу чечимин кабыл алды.
🗓️ 2025-жылдын 7-октябрында салык кызматы тарабынан айрым өкмөттүн жана министрлер кабинетинин чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлган.
📑 Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 55-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
🗣️ Коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен Мамлекеттик салык кызматы долбоорду артка кайтаруу чечимине келди.






