

[adrotate_integration id=”2″]📅 Нарын шаарында акциздик маркаларды колдонуу боюнча рейд өткөрүлдү.
🔍 Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Нарын шаарындагы базарларда акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу максатында рейддик иш-чараларды өткөрдү.
🛍️ Рейд учурунда салык дисциплинасын бекемдөө жана товарлардын мыйзамсыз жүгүртүүсүн аныктоо максатында соода объектилери текшерилди.
🚨 Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акциздик маркаларга байланыштуу салык мыйзамдарын бузуу учурлары аныкталды. Бузуучуларга карата мыйзамда каралган чаралар, анын ичинде айып пул салуу чаралары колдонулду.
📈 Кыргыз Республикасында көмүскө экономикага каршы күрөшүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана салыктык тартипти бекемдөө максатында мындай рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.






