


[adrotate_integration id=”2″]📊 Мамлекеттик салык кызматы Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коомдук тамактануу тармагындагы ишкерлер үчүн фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында окутуу өткөрдү.
📈 Окутуу учурунда катышуучулар программалык камсыздоонун негизги өзгөчөлүктөрү, анын иштөө принциптери жана салыктык жана бухгалтердик эсептеги ролу жөнүндө кеңири маалымат алышты.
🗓️ Пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып коомдук тамактануу тармагында, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып мейманкана бизнесинде башталган. 2026-жылдын 1-февралынан тартып май куюучу станцияларда киргизилет.
📉 Долбоордун негизги максаты — салык төлөөчүлөрдүн ишин жеңилдетүү жана салык маалыматтарын өз убагында жана так берүү механизмин жакшыртуу.
🔗 Фискалдык программалык камсыздоо салык төлөөчүлөрдүн ички эсеп системаларын автоматташтыруу, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу жана Мамлекеттик салык кызматынын системалары менен түз интеграциялоо аркылуу сатуулар жөнүндө маалыматтарды берүү жана көзөмөл-кассалык аппараттын чектерди түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
📊 Фискалдык программалык камсыздоону киргизүү салык отчёттуулугунун сапатын жогорулатууга жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган.






