📱 Google компаниясы Калифорния округдук сотунун присяжылары тарабынан Android колдонуучуларынын мобилдик маалыматтарын уруксатсыз чогултканы үчүн күнөөлүү деп табылды.
⚖️ IT-гигант 314 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул чечим 2019-жылы штаттын жашоочулары тарабынан берилген топтук доо боюнча чыгарылган.
📊 Компаниянын жашыруун түрдө колдонуучулардын маалыматтарын чогултуп, мобилдик интернет аркылуу өз серверлерине өткөрүп турганы айтылды. Бул колдонуучулардын купуялуулук укугун бузуп, төлөмдүү трафикке кошумча чыгымдарга алып келгени белгиленди.
🗺️ Чогултулган маалыматтар жарнама жана карта кызматтарын жакшыртуу үчүн колдонулган.
🚫 Google соттун чечимине макул эмес жана аны даттанууну көздөйт. Компаниянын өкүлү белгилегендей, айрым маалыматтарды чогултуу Android түзмөктөрүнүн туура иштеши үчүн зарыл жана бул колдонуучунун макулдугу менен жөндөөлөр жана келишим шарттары аркылуу жүргүзүлөт.