Госипотекалык компаниянын капиталы 87,5 млрд сомго жетти – президент

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 3 621 жаран 50% баасын төлөп, жеңилдетилген турак жай менен камсыз болду. Президент Садыр Жапаров Джалал-Абаддагы «Асман Резиденс-4» комплексинин ачылышында билдиргендей, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталы 2015-жылдан бери 10 млн сомдон 87,5 млрд сомго чейин өстү. Турак жай алуу үчүн арыз берүү процесси санариптештирилип, «Түндүк» мобилдик тиркемеси кезекти автоматташтырып, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жардам берди. Бүгүнкү күндө 13 миңден ашуун үй-бүлө батир менен камсыз болуп, 69 миңден ашуун жаран мамлекеттик программа боюнча өз кезегин күтүп жатат.

🏠 Кыргызстанда 2025-жылдын 9 айы ичинде 3 621 жаран жеңилдетилген турак жай менен камсыз болду. Бул жарандар кезекте туруп, батирдин наркынын 50%ын долевое курулуш аркылуу төлөгөн.

📈 Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2015-жылдагы 10 млн сомдон 2025-жылы 87,5 млрд сомго чейин өстү.

📱 Турак жай алуу үчүн арыздарды кабыл алуу процесси санариптештирилди, ал эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинин ишке кириши кезекти автоматташтырууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түздү.

🏢 Бүгүнкү күндө 13 миңден ашуун үй-бүлө батирлер менен камсыз болуп, 69 миңден ашуун жаран мамлекеттик программа алкагында өз кезегин күтүп жатат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген