• Бүгүн, 2-сентябрда, өлкө боюнча бардык мектептерде жаңы окуу жылы башталды.
• Бишкектеги №69 мектепте мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетов тарабынан “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү” темасында ачык сабак өткөрүлдү.
• Окуу иш-чарасына билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева, мектептин педагогикалык жамааты жана окуучулар катышты.
• Zoom аркылуу республика боюнча 100 мектеп ачык сабакка кошулду.
• Сабактын максаты – билим берүү тармагына чоң салым кошкон улуу адамдар жөнүндө маалымат берүү, балдарга окуунун маанисин түшүндүрүү, Кыргыз Республикасынын тарыхы жана азыркы өнүгүүсү боюнча жарандык позицияны калыптандыруу.
• Мамлекеттик катчы Суйунбек Касмамбетов окуучулардын илимий-техникалык билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге, улууларга жана мугалимдерге болгон урматты, элдин баалуулуктарын жана салттарын таанытууга, кыргыз тилин туура өздөштүрүүгө чоң маани берилерин белгиледи.