📲 Кыргызстанда бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду.
💻 Эми бажы төлөмдөрүн онлайн режиминде, банкка барбай жана кезекте турбай эле төлөөгө болот.
⏳ Жаңы кызмат убакытты үнөмдөп, бажы органдары менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет.
💰 QR-код аркылуу төлөмдөрдүн жалпы суммасы 34 миллион сомдон ашты.
🌐 QR-кодду www.customs.kg расмий сайтынан же «Элдик Банк» жана Бажы кызматынын кызматкерлеринен алууга болот.
🚀 Бажы кызматы санариптик чечимдерди киргизүүнү улантууда, бул бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.






