[adrotate_integration id=”2″]
🚓 Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматынын жаңы жетекчиси болуп Ташматов Борборбек Жороевич дайындалды.
👮♂️ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Жениш Жоробеков Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына иш сапары менен келип, жаңы жетекчини тааныштырды.
🏢 Жоробеков иш сапары учурунда башкармалыктын имараты менен таанышып чыкты.
📈 Жол кыймылын жөнгө салуу жана тыгындарды жоюу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
🛣 Дисциплинаны, мыйзамдуулукту жана жарандарга кызмат көрсөтүү маданиятын жогорулатуу боюнча да маселелер каралды.






