


[adrotate_integration id=”2″]












🌿 Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайда өткөн “Жашыл энергетика боюнча 10-эл аралык форумга” катышты.
⚡️ Министр Ибраев Кыргызстандагы электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жана эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусу тууралуу айтып берди.
🌍 Кыргызстан Борбор Азия аймагында жашыл энергетиканын лидери болуп саналат. Электр энергиясынын 90%ын ири гидроэлектростанциялар өндүрөт.
🔆 Кыргызстанда акыркы эки жылда жашыл технологияларды киргизүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлүүдө. Кытайлык өнөктөштөр 1100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станцияларын жана 300 МВт кубаттуулуктагы шамал станциясын курууда.
🤝 Министр Ибраев эл аралык өнөктөштөрдү жана каржылык институттарды Кыргызстандагы жашыл энергетика долбоорлоруна катышууга чакырды.
🔗 Министр Кытайдын энергетика министри менен жолугушуп, энергетика жана көмүр тармагындагы кызматташууну тереңдетүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлорду тартуу маселелерин талкуулады.
📚 Жолугушууда кыргыз энергетиктерин окутуу боюнча да маселелер каралды.
🤝 Кытайдын энергетика министри Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирип, кыргыз тарап сунуштаган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтөрүн айтты.






