💧 Жогорку Кенеште “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу агызуу жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул долбоордун демилгечиси депутат Эльдар Абакиров.
📜 Мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу агызуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактоо жана мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу.
🚰 Долбоордун негизги милдеттери – адам укуктарын ишке ашыруу үчүн ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу агызуу кызматтарын жалпыга жеткиликтүү кылуу, адамдын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу.
🌿 Суунун сапатын жакшыртуу жана суу ресурстарын коргоо аркылуу айлана-чөйрөгө терс таасирлерди азайтуу каралган.
💼 Жарандык коомдун жана жеке сектордун ролун көтөрүү менен мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу, экономикалык жагымдуу чөйрө түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатталууда.
🔍 Учурдагы мыйзамдар шаарлардагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу агызуу маселелерин толук жөнгө салбайт жана бул маселелерди чечүү үчүн жаңы мыйзам зарыл.