🤝 Бишкекте Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев менен БУУнун БКБнын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезневдин жолугушуусу болуп өттү.
🔍 Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.
📈 Нурбек Абдиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле жарандык коомдун аракеттерин координациялоого жардам бере турган натыйжалуу механизмдерди түзүү үчүн күчтөрдү бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
🤝 Андрей Селезнев тараптардын ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин белгилеп, ар түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
🌍 Кыргызстан менен БУУнун өз ара аракети өлкөдөгү коопсуздукту жана укук тартибин жакшыртууга багытталган.