
[adrotate_integration id=”2″]🔍 Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн адамдар кармалды.
👮♂️ 2025-жылдын 23-августунда Бириккен Араб Эмираттарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн К.Э. кармалды. Ал 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын январь айына чейин К.В. аттуу жаранды криптовалюта сатып алуу шылтоосу менен алдап, 22 000 АКШ долларын жана 1 000 000 сомду мыйзамсыз ээлеп алган.
📜 Ошондой эле, 2015-жылдан бери Дубайдын убактылуу кармоо жайында кармалып турган дагы бир издөөдө жүргөн С.И. аттуу адамдын экстрадициялоо иштери аяктады. Ал салык төлөөдөн качуу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана жасалма документтерди колдонуу боюнча айыпталууда.
💼 С.И. жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек арадан өтүү жана ишкердик жүргүзүү үчүн колдонгон. Ал бир ОсООнун негиздөөчүсү катары компаниянын директору менен биргеликте салык төлөөдөн качуу схемасын уюштуруп, мамлекетке 18 миллион сомдон ашык зыян келтирген.
✈️ Экөө тең Кыргыз Республикасына жеткирилип, тиешелүү тергөө иштери үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул иштер Башкы прокуратура жана УКМК менен биргеликте жүргүзүлдү.






