
[adrotate_integration id=”2″]🗳️ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында онлайн-кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде Жогорку Кеңештин кезексиз депутаттык шайлоосуна даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү чаралары талкууланды.
👮♂️ Урмамбетов өз сөзүндө шайлоо процессинин башталышы менен түзүлгөн оперативдүү жооп кайтаруу координациялык тобунун ишмердүүлүгүн белгиледи. Ар бир ички иштер органынын кызматкери үгүт жана добуш берүү учурунда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоого милдеттүү экенин, шайлоочуларды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу жана коомдук тартипти бузуу фактыларына жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
📊 Шайлоолорду өткөрүүдө тартипти камсыздоо максатында республика аймагындагы ар бир шайлоо округуна Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси бекитилди.
🔍 Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.






