⚖️ Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ж.А. аттуу жарандын кайрадан кармалганын кабарлады. Ал буга чейин кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо иши боюнча өтүп жаткан.
🔍 Ж.А. мурда Ички иштер министрлигинде иштеген жана учурда Кыргызстандын атайын кызматтары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу топ лидери С. Абдувалиевди каржылык жактан колдогон деп айыпталууда.
📅 2024-жылдын декабрында Ж.А.га карата камакка алуу чарасы өлкөдөн чыкпоо тилкаты менен алмаштырылган. Бирок тергөө учурунда ал бул шарттарды бир нече жолу бузуп, тергөө органдарынын чакырууларына келбей, процессуалдык милдеттерин аткаруудан качкан.
🚨 Бул жагдайларды эске алуу менен, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ж.А.га карата камакка алуу чарасын кайрадан колдонуп, аны №21 мекемесинин тергөө изоляторуна жайгаштырды.
🔎 Тергөө иштери уланууда.






