🌍 Индия менен Пакистан ортосунда ракеталык чабуулдар алмашылды. Индиянын Коргоо министрлиги “Синдур” аскердик операциясын баштап, Пакистандагы тогуз объектке чабуул жасады. Бул аракеттер Индияга каршы пландалган чабуулдардын “террористтик инфраструктурасына” багытталган.
💥 Индиянын чабуулдарынын натыйжасында Пакистанда эки адам каза болуп, дагы 12 киши жаракат алды.
✈️ Пакистан индиялык чабуулдардан кийин өзүнүн авиациясын көтөрүп, жооп кайтарды. Чабуулдар Сринагардагы индиялык авиабазага жана Кашмирдеги башка индиялык шаарларга багытталды. Пакистан артиллерия, баллистикалык жана канаттуу ракеталарды колдонду.
🕊️ Индия Пакистанды ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптоодо.
🇺🇸 АКШ президенти Дональд Трамп бул окуяларга реакциясын билдирди.