Индия менен Пакистандын ортосундагы жаңжал: Кыргызстандын ТИМи жарандарды бул өлкөлөргө баруудан карманууга чакырат

Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргызстандын ТИМи жарандарды бул өлкөлөргө баруудан баш тартууга чакырат. Исламабад аэропорту убактылуу жабык. Чукул кырдаалдарда Кыргызстандын элчиликтерине кайрылуу сунушталат.

🇰🇬 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында аскердик аракеттер күчөп жаткандыгына байланыштуу, жарандарга бул өлкөлөргө баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

🚨 Пакистан менен Индиянын аймактарында болгон жарандарга жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.

✈️ Исламабаддын эл аралык аэропорту убактылуу бардык каттамдар үчүн жабык экендиги маалымдалды. Авиакаттамдар абал турукташкандан кийин гана калыбына келтирилет.

📞 Чукул кырдаалдарда жарандар Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылышы керек. Индиядагы элчиликтин байланыш номери: (+91) 9599921779, Пакистандагы элчиликтин байланыш номери: +92 330 3717 771.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x