📰 Кыргыз Республикасында 2025-жылдан баштап майыптыкты аныктоо боюнча маалымкат алуу процесси кыйла жеңилдетилди. Бул процедура толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү.
💻 Жыл сайын 55 миңден ашуун жаран Медико-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) кайрылып, тиешелүү маалымкат алышат. Мурдагыдай документтерди кол менен чогултуп, кагаз түрүндө тапшыруунун кереги жок.
📅 Өкмөттүн 100 күндүк программасынын алкагында, бул процесс автоматташтырылды. Жарандар жашаган жериндеги үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, медициналык диагноз жана ден соолук абалы тастыкталгандан кийин, дарыгер электрондук багыттаманы МСЭКке жөнөтөт.
📄 Бардык керектүү документтер, мисалы, күбөлүк, паспорт, медициналык корутунду жана башкалар электрондук түрдө жөнөтүлөт. Анатомиялык кемтиктер бар болсо, текшерүү аралыктан жүргүзүлүшү мүмкүн.
🗂 Мурда жарандар алтыга чейин ар кандай маалымкат алышса, эми алар бирдиктүү санариптик маалымкатка бириктирилди. Реабилитация жана абилитация боюнча жеке программалар да электрондук форматка өтүп, «Түндүк» системасы аркылуу жеткиликтүү.
⏱ Жарандар кезек күтпөй, документтерди чогултпай, татаал этаптардан өтпөйт. Бул автоматташтырылган система жарандардын убактысын үнөмдөп, жашоосун жеңилдетет.