🏡 Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев Жалал-Абадга иш сапары менен барды.
🤝 Иш сапардын жүрүшүндө ал жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип, актуалдуу маселелерди талкуулады.
📅 Балтабаев компаниянын адистери ипотекалык насыялоо маселелери боюнча маалымат жана кеп-кеңештердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн аймактарга байма-бай чыгып турганын баса белгиледи.
🏢 Жакынкы арада өлкөнүн ар бир аймагында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүктөрү ачылып, жарандар үчүн ипотека боюнча маалымат алуу процессин жеңилдетет.
🔍 Бул демилге ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана калктын мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.