🇰🇬 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Иран жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте мекендештерди эвакуациялоо боюнча комплекстүү иш-чараларды уюштурду.
🚍 28 кыргыз жараны Иран менен Азербайжан ортосундагы “Астара” көзөмөл-өткөрмө пунктунан ийгиликтүү өттү.
🤝 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азербайжан тарапка ар тараптуу колдоо жана коопсуз транзитти камсыз кылган жогорку деңгээлдеги уюштуруу үчүн ыраазычылык билдирди.
✈️ Азербайжандан Кыргызстанга эвакуацияланган жарандарды жакынкы күндөрдө кайтаруу үчүн зарыл чаралар көрүлүүдө.