🚧 Иссык-Куль облусундагы жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.
🛣️ Кырчын жогорку жайлоосуна жана анын айланасындагы кооз өрөөндөргө жетүүчү 34 чакырым жол оңдолууда.
🔨 Семёновка – Ак-Суу жолунун 6 чакырымына экинчи катмар асфальт төшөлдү, ал эми 4 чакырымдык бөлүгүндө эки тараптуу асфальттоо иштери жүрүүдө.
🌄 Григорьевка – Кашка-Суу жолунда жолдун кенейтүү жана казуу иштерине улантылууда, жакын арада тоо аймагында жардыруу иштери башталат.
🌧️ Жалпысынан 69 суу өткөрүү түтүгү орнотулат жана беш көпүрө оңдолууда.
🏗️ Иштер Дорожное эксплуатационное предприятие №7 тарабынан жүргүзүлүүдө жана пландаштырылган графикке ылайык улантылууда.
🌟 Бул долбоор Кырчынга транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртып, региондун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет.










