🏞️ Бишкекте Каркыра тоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда.
⚡ Учурда электр энергиясы менен камсыздоо иштери аяктады: электр линиясы курулуп, көмөкчордон орнотулду.
💧 Ошондой эле базаны таза суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, суу ресурстарын чыгаруучу жайлар аныкталды.
🏗️ Инвесторго Түп райондук курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынан коттедждин жана асма жолдун курулуш документтери берилди.
🚡 Жакынкы келечекте узундугу 4000 мден ашкан асма жолдорду жеткирүү күтүлүүдө.
🌟 Каркыра комплекси жыл бою иштеп, эл аралык стандарттарга жооп берип, эс алуу аймагы статусун алат. Долбоордун жалпы бюджети 191 миллион долларды түзүп, курулуш алты фазадан турат.