🇮🇱 Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирди. Бул макулдашуунун негизги жоболору 24 сааттын ичинде ишке ашырылышы керек.
🔄 Израиль армиясы күчтөрүн жарым-жартылай чыгарып, жаңы демаркациялык сызыктар боюнча позицияларды ээлеп жатат.
🏠 Кээ бир тургундар эки жылдык согуштан кийин толугу менен талкаланган райондоруна кайта башташты.
⚠️ Израиль армиясы Газа тургундарын айрым аймактар “өтө кооптуу” бойдон кала береринен эскертти.
🔄 АКШ президенти Дональд Трамп иштеп чыккан Газа планынын биринчи этабы израилдик барымталарды бошотууну жана палестиналык туткундарды алмаштырууну камтыйт.
🔄 Израиль 11 ХАМАС мүчөсүн, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылган 9 адамды бошотот. Ошондой эле, Израиль 250 палестиналыкты жана 2023-жылдын 7-октябрында согуш башталгандан бери камакка алынган 1700 адамды бошотот.
😡 Израилдеги теракттардын курмандыктарынын үй-бүлөлөрү палестиналык туткундардын бошотулушуна нааразы болуп, аларды бошотууну кабыл алгыс деп эсептешет.
🕊️ Түркиянын Коргоо министрлиги Газага тынчтык миссиясы менен аскер жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
🔒 Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа секторунда 20 барымтачы тирүү экенин, 28и каза болгонун билдирди. ЦАХАЛдын күчтөрү ХАМАС куралсызданмайынча Газа секторунда кала берет.






