Көк-Дөбө айылында 26 темир-бетон мамыча орнотулду

Талас облусунун Чолпонбай Айтматов районундагы Көк-Дөбө айылында 26 жаңы темир-бетон мамычалар орнотулду. 2025-жылдын аягына чейин 55 эски жыгач мамычаларды алмаштыруу пландалууда. 139 трансформатор тейлөөдөн өтүп, 21 трансформатор капиталдык ремонттон чыкты. 12 500 акылдуу эсептегичтердин 5 518и орнотулду.

🔌 Талас облусунун Чолпонбай Айтматов районундагы Көк-Дөбө айылында энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 26 жаңы темир-бетон мамылар орнотулду.

🛠️ 2025-жылдын аягына чейин 55 эски жыгач мамыларды темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалууда.

🔧 Айтматов районунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери кызуу жүрүүдө, бул иштерди Айтматов РЭС Талас электр тармактары ишканасы жүргүзүүдө.

🔄 278 трансформатордун техникалык тейлөөсү пландалган, анын ичинен 139 трансформаторго тейлөө иштери жүргүзүлдү.

⚙️ Ноябрь айына чейин 36 трансформатордун капиталдык ремонту пландалган, анын ичинен 21 трансформаторго ремонт иштери жүргүзүлдү.

📏 10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларына 605,640 км техникалык тейлөө пландалган, анын ичинен 271,55 км тейлөө иштери аяктады.

🔌 0,4 кВ аба чубалгыларына 537,478 км техникалык тейлөө пландалган, анын ичинен 267,83 км иштери аяктады.

⚡ Райондо төрт трансформатордун кубаттуулугу көбөйтүлөт: үчөө 160 кВАдан 250 кВАга, бирөө 100 кВАдан 250 кВАга чейин.

📊 12 500 акылдуу эсептегичтер орнотуу пландалган, анын ичинен 5 518 орнотулду.

🗓️ Бардык ремонт иштери 2025-жылдын ноябрь айына чейин улантылат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x