⚡ Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Баткен облусундагы кичи ГЭСтерге инвестиция салууда.
🏗️ Кадамжай районунда кубаттуулугу 600 кВт болгон “Базарбай Ата-З” кичи ГЭСин куруу долбоору ишке ашырылат. Жалпы чыгым 40,1 миллион сом болсо, анын 22 миллион сому фонд тарабынан бөлүнгөн.
🌍 Баткен облусунда Фонд жети ири долбоорду ишке ашырууда, анын ичинде газобетон заводу жана Халмиондогу мектеп.
🔌 РКДФ Башкармалыгынын Төрагасы Артем Новиковдун айтымында, кичи ГЭСтин ишке кириши жергиликтүү тургундарга электр энергиясынын жетишсиздиги боюнча көйгөйлөрдү унутууга мүмкүндүк берет.
📈 Эксплуатацияга берилгенден кийин жылына 5,2 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу болжолдонууда, бул Марказ жана Сары-Алтын айылдарын электр менен камсыздоонун абалын жакшыртат.