






[adrotate_integration id=”2″]

🌄 Бүгүн дүйнө жүзү боюнча Эл аралык альпинисттер күнү белгиленүүдө. Кыргызстан үчүн бул майрам өзгөчө мааниге ээ, анткени өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн тоолор каптайт. Кыргызстандын тоолору бийиктиктерди багындырууну каалаган альпинисттер үчүн өзгөчө жагымдуу.
🧗♂️ Акыркы төрт жылда Кыргызстан альпинизм федерациясы тездик менен өнүгүү жолуна түштү. Федерация буга чейин болуп көрбөгөндөй ири экспедицияларды уюштуруп, чоң ийгиликтерге жетишти. Жыл башында эки кыргызстандык аял дүйнөдөгү эң бийик чоку – Эверестти багындырып, федерациянын тарыхында маанилүү окуя болду.
🏔️ Жакында кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева СССРден бери альпинизмдеги эң жогорку сыйлык катары эсептелген “Кар барсы” наамына ээ болду. Бул наамды буга чейин бир гана кыргызстандык Мамасалы Сабиров алган. Асел бул ийгиликке жеткен өлкөнүн тарыхындагы экинчи адам болду.
♻️ Федерациянын дагы бир маанилүү багыты – экология. Учурда “Таза Ала-Тоо” аттуу тоолорду тазалоо долбоору ишке ашырылып жатат.
🗻 Кыргызстан альпинизм боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кире алат, анткени өлкөнүн 92% аймагы тоолор менен капталган. Бул географиялык артыкчылык альпинизмди туризмдин локомотиви кылууга мүмкүндүк берет.
🤝 Мамлекет альпинизмге моралдык жана мотивациялык колдоо көрсөтүп келет, бирок материалдык жардам азырынча жок. Бул тармактагы иш-аракеттер негизинен демөөрчүлөрдүн жана федерация мүчөлөрүнүн демилгеси менен жүргүзүлүүдө.
🌍 Федерация кыргыз тоолорун эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн иш алып барууда. Акыркы 3-4 жылда дүйнөгө таанымал альпинисттерди Кыргызстанга чакырып, алар үчүн турларды уюштуруп келет. Бул иш-аракеттер кыргыз тоолорунун кооздугуна суктанып, кайтып келүүнү каалаган альпинисттердин санын көбөйттү.
⛰️ Альпинизм – бул спорт гана эмес, маданият. ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес мурасы катары тааныган жалгыз спорт түрү. Альпинизм адамды табият менен гармонияда жашоого, чыдамкайлыкка жана ички маданиятка үйрөтөт.






