🏢 Бишкекте “Кайыңды дан кабыл алуу пунктунун” мамлекеттик менчиги калыбына келтирилди.
🔍 КР УКМКнын оперативдүү иш-чараларынын жүрүшүндө объект мыйзамсыз менчиктештирилип, андан соң үчүнчү жактарга сатылып кеткени аныкталган.
💰 Ээси 650 миллион 82 миң сомго бааланган объектини кайра мамлекеттин менчигине кайтарып берүүгө макул болгон.
🏗️ “Кайыңды дан кабыл алуу пунктунун” аянты 3,4 гектарды түзүп, имараттарды жана курулуштарды камтыйт.
🔄 КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген башка өндүрүштүк жана социалдык объектилерди кайтарып алуу иштерин улантууда.