








🎓 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларынын жана Улуттук коопсуздук комитетинин Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшырды.
🎖️ Камчыбек Ташиев бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы жана мекенге кызмат кылуу жолундагы жаңы кадамдары менен куттуктап, антка берилгендиктин, патриотизмдин жана жогорку кесиптик даярдыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
🏅 Быйыл бир нече ондогон бүтүрүүчүлөр офицердик курамга кошулуп, жогорку билим деңгээлин, тартипти жана ишке берилгендикти көрсөтүштү. Алардын баары мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду жана алгачкы аскердик наамдарды алышты.
🎁 Өзгөчө айырмаланган курсанттарга ыраазычылык каттар жана эстелик белектер тапшырылды. Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана жакындары да салтанатка катышып, мугалимдерге жана командачылыкка жаш офицерлерди тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
🛡️ Бул окуя жаш мекен коргоочулардын жашоосундагы жаңы баракты символдоштуруп, аларды улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү тапшырмалар күтүп жатканын көрсөттү.
🏫 Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу Улуттук коопсуздук комитетинин Академиясы ачылып, коопсуздук, чек ара кызматкерлери жана башка адистер даярдалат. 2025-жылдан тартып курсанттар Улуттук коопсуздук комитетинин Академиясында окушат, эми Россиянын ФСБсында окуунун зарылдыгы жок.