🚔 Жалал-Абад облусунда Сузаск райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды.
🏢 Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев катышып, өлкөнүн бардык аймагында күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
⚖️ Ал белгилегендей, укук коргоо органдарынын негизги милдети жарандардын ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу.
🔍 Ташиев ошондой эле тартип сакчыларынын арасында укук бузууларга каршы күрөш токтобой уланып, мыйзам бузган ар бир адам жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.
💼 Реформанын алкагында жалпы республика боюнча милиция кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле алардын айлык маянасын жогорулатуу пландаштырылууда.
🚗 Иш-чаранын аягында Кыргызстандын президентинин атынан милиция кызматкерлерине жаңы кызматтык унаалар тапшырылды.