Кара-Балта шаарында чет элдик каракчы кармалды

Жайыл районунда чет элдик жаранды тоноого шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. физикалык күч колдонуп, уюлдук телефонун жана акча салынган капчыгын уурдап кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

🚨 Жайыл районунда чет элдик жаранды тоноого шектелген жаран кармалды.

👮‍♂️ Окуя 10-октябрда Кара-Балта шаарындагы “Семерочка” дүкөнүндө болуп, каракчы жабырлануучуга физикалык күч колдонуп, телефонун жана акчасын тартып алган.

💰 Келтирилген зыян телефон үчүн 26 000 сом, капчыгы 29 420 сомду түзгөн.

🔍 Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү — 27 жаштагы К.А., окуя болгон жерден кармалган.

📜 Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

🔒 Шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин убактылуу кармоочу жайга камалды.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x