Кара-Балтада жүк ташуучу унаа айдоочусу эки баланы сүзүп кетти.

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Жайыл районунда 13-октябрда Кара-Балта шаарында эки баланы уруп кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалды.

[adrotate_integration id=”2″]

[🚨] Бишкекте эки бала каза болгон жол кырсыгы катталды.

[🚔] Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 13-октябрында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө эки баланын өмүрүн алган жол кырсыгы тууралуу кабар түшкөн.

[📍] Окуя Кара-Балта шаарында, Чапаев көчөсүндө, болжол менен саат 18:30да болгон. 1956-жылы туулган Г.М. аттуу жүк ташуучу унаанын айдоочусу түндүктөн түштүккө карай бара жатып, 2018-жылы туулган А.А. жана 2017-жылы туулган А.И. аттуу эки жаш өспүрүмдү сүзүп кеткен.

[⚖️] Жол кырсыгынын кесепетинен эки бала окуя болгон жерде каза тапкан. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

[🚓] Айдоочу Г.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген