🌍 Кара-Кече көмүр кенине өткөн жылы 18,5 миңден ашуун автоунаа кирген. Бул маалыматты «Кыргызкомур» ААКнын директору Кайрат Маматов билдирди.
🚚 Кээ бир айдоочулар кенге 5-10 жолу кирип чыккан, бул жалпы статистикага киргизилген.
📅 Октябрдан февралга чейин жүк ташуучу автоунаалардын негизги кезеги түзүлөт. Азыркы тапта айыл чарба иштери аяктагандан кийин, Кара-Кечеге 700-800 автоунаа көмүр ташуу үчүн кирип жатат.
📸 Мурда бир автоунаа кезекте бир айга чейин тура алган учурлар болгон. Бул Бишкекте мурунку жетекчилердин туугандары менен биргеликте базаларды ачып, көмүрдү өз кызыкчылыгында жүктөгөндүгү менен байланыштуу болгон. Айдоочулар бул тууралуу видеолорду тартып, нааразычылыктарын билдиришкен. Бүгүнкү күндө бул сыяктуу маселелер социалдык тармактар аркылуу дароо белгилүү болууда.






