🌍 Кыргызстанда 1200 мегаватт кубаттуулуктагы Кара-Кечи жылуулук электр станциясын куруу пландалууда. Бул долбоор өлкө тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири болуп калат.
🏗 Жер участкасы буга чейин бөлүнүп берилген жана станцияны 2030-жылга чейин куруу зарыл. Экологиялык зыян болбойт, анткени түтүн жана зыяндуу заттар чыгарылбайт.
👷♂️ Джумгал районунун тургундары үчүн миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Жылуулук электр станциясы тепличе чарбаларын жана өнөр жай объекттерин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
📈 Энергетика министрлиги долбоор боюнча тендер жарыялады. Кара-Кечедеги көмүр казып алуу көлөмү учурдагы 1,5 млн тоннадан 2030-жылга чейин 7 млн тоннага чейин көбөйүшү керек.
🔗 Бул долбоор Кыргызстанды өнүктүрүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.






