Кара-Кулжада эмгек жана социалдык коргоо райондор аралык башкармалыгынын имараты курулат

Кара-Кулжа айылында жаңы райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул долбоор эмгек, социалдык коргоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Кара-Кулжа айылында жаңы райондук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын имаратынын курулушу башталды.

🏗️ Жаңы имараттын максаты – эмгек, социалдык коргоо жана миграция тармагында калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.

👥 Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

🔨 Министр Равшанбек Сабиров президент С. Жапаровдун колдоосу менен өлкөнүн ар кайсы аймактарында тогуз имарат курулары күтүлүп жатканын билдирди. Бул жаңы имараттар кызматкерлердин шарттарын жакшыртып, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген