





[adrotate_integration id=”2″]
🌲 Кара-Токой көлү, же Көк-Көл, Чаткал тоолорунун жүрөгүндө жайгашкан жана кооздугу менен таасир калтырат.
🏞️ Көл карагайлуу тоолор менен курчалган жана Тянь-Шань карагайларынын чокулары суунун түбүнөн көрүнүп турат.
🌿 Жай мезгилинде Кара-Токой өрөөнү өзгөчө кооз болуп, кинодон алынган кадрлардай көрүнөт. Бул жерде көптөгөн карагайлар жана бай өсүмдүктөр бар.
📏 Кара-Токой көлүнүн бийиктиги деңиз деңгээлинен 2876 метрден 2918 метрге чейин жетет. Көлдүн жанында узундугу 1,9 километр жана аянты 1,2 чарчы километр болгон Кара-Токой мөңгүсү жайгашкан.
❄️ Мөңгү деңиз деңгээлинен 3370-3820 метр бийиктикте жайгашкан. Көлдүн суусу терең кара көк түстө болуп, алыстан өзүнө тартат.
🚶♂️ Суу жайында да муздак болгондуктан, бул жерге келгендер сөзсүз сууга чөмүлүп кетишет.
🦅 Кара-Токой Сары-Челек коругунун жанында жайгашкан, ал ЮНЕСКОнун биосфералык коруктарынын тизмесине кирет жана 24 миң чарчы километр аянтты камтыйт. Бул аймакта көптөгөн жаныбарлар жана канаттуулар жашайт.






