

🌉 Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолундагы Кара-Суу дарыясын кесип өткөн жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.
📏 Көпүрөнүн узундугу 36 метр, туурасы 10,6 метрди түзөт.
🚶♂️ Проезжая бөлүгү 8 метрге чейин кеңейтилди, ал эми эки тарапта жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар курулду.
🛠 Көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 80 тонна, ал эми бардык төрт тарабы бетон менен бекемделген.
🏗 Кошумча дамба куруу иштери да жүргүзүлдү.
🏚 Мурда колдонулган эски көпүрө 1979-жылы курулган жана авариялык абалда болчу.
🔨 Жаңы көпүрөнүн курулушу 2024-жылы башталган.