
[adrotate_integration id=”2″]
🏟️ Каракол шаарында стадиондун реконструкциясы толугу менен аяктап, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди.
⚽ 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган реконструкция эки жыл ичинде толук аяктап, стадион эл аралык матчтарды өткөрүү талаптарына жооп берет.
📏 Стадиондун аянты мурда 5 гектар болсо, азыр 7 гектарга чейин кеңейтилди. Аянтка гибриддик каптоо коюлуп, заманбап жарык берүү жана автоматтык сугаруу системалары орнотулду.
🏃 Алты чуркоо жолдору курулуп, 215 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле стандарттарга толук жооп берген эки машыгуу аянты, анын бири синтетикалык каптоо менен, курулду.
🔜 Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, келечекте чыгыш трибунасынын курулушу пландалууда.






