







🐟 Караколдо балык уулаган браконьерлердин мыйзамсыз иштери аныкталды.
🚨 Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына Пристань Пржевальск айылында мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча маалымат келип, иликтөө иштерин баштоого негиз болгон.
🔍 Ыкчам иш-чаранын натыйжасында браконьерликке шектелген алты жергиликтүү тургун аныкталды.
📦 Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда балыктын үч түрү, синтетикалык торлор жана моторлуу кайыктар алынган.
⚖️ Экологиялык зыянды аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
🔎 Тергөө иш-чаралары уланып, укук коргоо органдары иштин бардык жагдайларын аныктоонун үстүндө иштеп жатат.






