Караколдо көчөлөрдү оңдоодо мыйзам бузуулар: аткаминер менен подрядчик кармалды

Каракол шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны токтотуу боюнча иштердин алкагында жолдорду капиталдык оңдоодо мыйзам бузуулар аныкталды. Мурдагы директор жана подрядчы жетекчиси камакка алынды.

[adrotate_integration id=”2″]

🔍 Каракол шаарында коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сатып алуулар жана жолдорду капиталдык оңдоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

🚧 2023-жылдын август айында Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору Д.Э.Э. өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ОсОО «Г-У» курулуш компаниясынын жетекчиси Г.Ш.Г. менен мыйзамсыз түз келишим түзгөн.

💰 Жакыпов көчөсүн 660 метр узундукта капиталдык оңдоо үчүн түзүлгөн келишимдин суммасы 24,5 млн сомду түзгөн.

📉 Текшерүү учурунда иш сапатсыз материалдар менен аткарылганы жана көлөмү 3 млн 62 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды, бул мамлекетке өзгөчө чоң зыян келтирди.

🕵️ Экс-директор жана подрядчы уюмдун жетекчиси кармалып, Каракол шаардык ГОВДнын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө камакка алынды.

🔎 Тергөөнүн иштери улантылууда.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x