







🌐 Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын президентинин телерадиокомплексинин директору Раушан Кажибаева менен жолугушуп, «Silk Way» телеканалынын жана «Казинформ» агенттигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
🤝 Жолугушууда тараптар медиа чөйрөсүндөгү кызматташууну, анын ичинде Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн ТРК ресурстарында жылдырууну талкуулашты.
📚 Кыргызстандын ЖМКларынын Казакстанда өтө турган мастер-класстарга жана эл аралык форумдарга катышуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
🎥 «Silk Way» телеканалынын V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү көрсөтүүсү жана ТРКнын котормо бөлүмүнө кыргыз журналисттеринин салымы белгиленди.
📝 Жолугушуунун жыйынтыгында элчиликтин материалдарын жарыялоо боюнча макулдашууга жетишилди.